Ишмердик

КР вице-премьер-министри Т.Б.Мамытовдун катышуусу менен өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициянын) 2013-жылдагы ишмердиги жана 2014-жылга карата максаттары жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыгы

Өткөрүлгөн убагы: 2014-жыл 11-февраль

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 2018-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегиясы”

2018-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансы полициясы) 2017-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердиктин жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Коллегияга Кыргыз Республикасынын  Вице-премьер-министри Д.А. Кенекеев,  Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук кеңешинин, Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү жана ЭККМКнын өздүк курамы катышты. Отчеттук мезгилдеги ыкчам-кызматтык ишмердиктин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан  экономика,  салык салуу жана коррупциялык көрүнүш чөйрөсүндөгү кылмыштык кол салуулардан мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча активдүү чаралар көрүлдү. Алынган натыйжалар Кызматтын ишмердигинин натыйжалуулугунун оң динамикасын көрсөтүп турат. ЭККМКнын ишмердигин талдоонун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ыкчам кызматкерлери республика боюнча 1600 (2016-ж. - 1217) укук бузуу фактыларын аныкташты, башкача айтканда аныктоо  23,5% өстү. Ошондой эле, аныкталган зыяндын суммасынын көбөйүшү белгиленди. Отчеттук мезгилде ал 4 млрд. 294 млн. сомду (2016-ж. - 2 млрд. 727,8 млн. сомду) түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд. 566,9 млн. сомго көп. Анын ичинен 2 млрд. 333,5 млн. сом (2016-ж. – 1 млрд. 857,7 млн сом) кайтарылып алынган, бул тийиштүү мезгилге салыштырмалуу 475,8 млн. сомго көп. Жалпы республика боюнча 1182 кылмыш иши (2016-ж. - 890 к.и.) козголгон, анын ичинде: - финансы полициясы органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан 881 кылмыш иши (2016-ж. - 688 к.и.) козголду; - ЭККМКнын ыкчам бөлүмдөрүнүн материалдары боюнча башка органдар тарабынан 301 кылмыш иши (2016-ж. - 202 к.и.) козголду. Салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы боюнча ишкердик субъекттерге республика боюнча бардыгы 572 (2016-ж. - 391) салыктык текшерүү жүргүзүлдү, мунун натыйжасында эсептөөдөн кийинки   салыктардын суммасы 3 087,4 млн. сомду түздү, бул 2016-жылдын (+43,3 %) тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1 060,3 млн. сомго көп. Анын ичинен 1 млрд. 800,6 млн. сом (1 млрд. 445,8 млн. сом) өндүрүлүп алынды, анын ичинде Казыналык органдар аркылуу - 814,7 млн. сом (2016-ж. - 1130,6 млн. сом, +38,7%) өндүрүлүп алынды. Жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча 174 кылмыш иши (КРдин КЖКнны 211-214-бер.) козголгон. 144,8 млн. сом (2016-ж. - 27,3 млн. сом) зыян келтирилген мыйзамсыз ишкердиктин 130 факты аныкталган же 81,8 % көбөйгөн. Анын ичинен 76,1 млн. сом (2016-ж. – 5,4 млн. сом) өндүрүлүп алынган, мунун менен бирге көбөйүшү салыштырылуучу мезгилге караганда 92,9% көп болду. Жалган ишкердик фактылары боюнча 21 кылмыш иши козголгон, келтирилген зыян 259,6 млн. сомду түзгөн, анын ичинен 13,1 млн. сом (2016-ж. - 4,9 млн. сом, +62,5%) өндүрүлүп алынган. Кызматтын кызматкерлери 105,6 млн. сом (2016-ж.- 8,5 млн. сом, + 91,9%) суммасындагы элдик керектөөдөгү товарларды мыйзамсыз ташып кирүүнүн (ташып чыгуу) (котрабандалар) 117 фактысына (2016-ж.-34, +70,9%) бөгөт койгон. Аныкталган фактылар боюнча мамлекеттин бюджетине 30,1 млн. сом өндүрүлүп алынган, бул 2016-жылга караганда 28, 9 млн. сомго көп. Контрабанда жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактылары боюнча 119 кылмыш иши (2016-ж. – 23, +80,6%) козголгон. 2017-жылдын январынан декабрына чейин ЭККМКнын аймактык мобилдүү тобу товардык-транспорттук кагаздын жана салык органдарына каттоо жөнүндө маалым каттын жок болгон фактылары боюнча рейддик салыктык контролдун 1153 актын түздү. КРӨгө караштуу ЭККМКнын райондор аралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Республиканын контролдук-өткөрмө пунктарында күнү-түнү нөөмөттө туруп жатышат. Ички рыноктогу товарлардын акциз алдындагы тобунун иштери боюнча товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнүн 53 фактысы (2016-ж.-49, +7,5%) аныкталган. 45 кылмыш иши (2016-ж. – 44) козголгон. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн: - 12 922 литр спирт ичимдиктери; 1 044 545 даана акциздик маркалары; 1 500 миң куту тамекилер; 3 млн. 826,4 миң сом суммада дары препараттары; 4 факт баалуу таштар, 1 факт баалуу метталдар алынган. Мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу маселелери боюнча дагы өзүнчө иштер жүрүп жатат. Бюджеттик каражаттарды уурдоо жана 174,2 млн. сом (2016-ж. – 32,8 млн. сом) суммасындагы мамлекеттик сатып алууларга байланышкан кылмыштар боюнча 111 факт (2016-ж.-81, +27,1%) аныкталган. Аныкталган кылмыштар боюнча 7,5 млн. сом (2016-ж. - 1,8 млн. сом, +76%) же аталган зыяндын суммасынын 4,3 % өндүрүлүп алынган. 109 кылмыш иши (2016-ж. - 80, +26,6%) козголгон. 2017-жылдын 12 айында коррупциялык көрүнүштөрдүн 338 фактысына (2016-ж. - 245, +27,5%) бөгөт коюлган, 351,5 млн. сомго (2016-ж. - 147,4 млн. сом, +58,1%) зыян келтирилген. Аныкталган укук бузуулар 338 кылмыш иши (2016-ж.- 245, +27,5%) козголгон. Кызматтык укук бузуу фактылары боюнча 222 кылмыш иши (2016-ж. - 141, +36,4%) козголгон, анын ичинде паракорлук фактысы боюнча 28 кылмыш иши (2016-ж. - 18, +35,7%) козголгон. Коллегиянын отурумунда  Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Д.А. Кенекеев чыгып сүйлөп, ЭККМК органдарынын ишинде оң жыйынтыктар бар экендигин белгилеп өттү. Республикадагы коррупциянын деңгээли жана масштабы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн артка тартып жатат, бирок ЭККМК органдары эмне үчүн чоң дарамети болуп туруп, бул коркунучту төмөндөтүү боюнча толук чараларды көрбөй жаткандыгы түшүнүксүз бойдон калууда деди. Ошондой эле, финансы полициясы чындыгында бизнести коргоо тарабына бурулду, бул жалпы республиканын бизнес-коомдоштугу менен болгон жолугушууларда жана ЭККМК органдарына жөнөкөй жарандардын ишеними жөнүндө массалык маалымат каражаттарындагы сурамжылоолордо көрүнүп тургандыгын белгилеп өттү. Андан кийин бул багыттагы иштерди улантуу, ошондой эле ЭККМКнын кызматкерлеринин кызматтык тартиптерин күчөтүү керектигин белгиледи.

 

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев