“ЭККМКнын делегациясы Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Салыктык, валюталык кылмыштарга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча департаментине таанышуу иш сапары менен барып келди”

1 августа 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Салыктык, валюталык кылмыштарга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча департаментинин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында, ошондой эле 2017-жылдын октябрында “Экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө” макулдашууну ишке ашыруунун алкагында
2018-жылдын 23-июлунан 25-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) төрагасы
Б.Д. Таиров баштаган делегация Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына таанышуу иш сапарына барып келди.

Аталган иш сапардын алкагында “ЭККМК менен Департаменттин ортосундагы 2018-2019-жж. карата экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына” кол коюлду. Аталган план экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы натыйжалуу күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты максималдуу түрдө активдештирет, КРӨгө караштуу ЭККМК (финансы полициясы) менен Өзбекстан Республикасынын БП караштуу Департаментинин ортосундагы маалыматтарды алмашууну күчөтөт, эки өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча ведомстволорунун иштерине жакшы түрткү берет.

Департаменттин башчысы А.Ю. Мавлонов өзүнүн сөзүндө жалпы тарыхы бар эки өлкөнүн эки тараптуу ак ниет мамилелеринин өсүшүнө баа жеткис салым кошкон лидерлердин эмгегин баса белгилеп өттү жана Департаменттин ишмердиги жөнүндө айтып берди.

ЭККМКнын төрагасы Б.Д. Таиров өз кезегинде экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө Өзбекстан Республикасынын БПга караштуу Салыктык, валюталык кылмыштарга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча департаменти менен кызматташуу мамлекеттер ортосундагы бардык чөйрөлөрдөгү өз ара мамилени бекемдейт деп белгилеп өттү.

Иш сапарда экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле эки мамлекеттин өнүгүшүнө кызмат кылган жана соода-экономикалык чөйрөдө мындан ары жемиштүү эки тараптуу кызматташуу үчүн жакшы шарт түзүү  мамилелерин кеңейтүү, тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.

Фотоматериал тиркелет.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев