Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)

6 декабря 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) ушул жылдын 4-декабрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто Нью-Йорк – Баку каттамы менен келген, издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Жунусов Адамкул Орокеевич кармалды.

Ушул жылдын августунда А. Жунусовго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде каралган (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмышты кылды деп сыртынан айып коюлган.  2018-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту сыртынан камакка алуу чарасын тандаган.

Азыркы убакта бул жаранды Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-чараларды Кызмат жүргүзүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев