“Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы “Вольво” белгисиндеги жүк ташуучу унааны контрабандалык жол менен ташып кирүү фактысын аныктады”

10 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 30-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 223-беренеси (экономикалык контрабанда) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын (Бажы бирлигинин) аймагына кымбат баалуу унааларды ташып кирүү боюнча аныкталган коррупциялык схемалардын алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, “Ак-Тилек унаа жолу” контролдук-өткөрмө пунктунун жанындагы жолдон 2005-жылы чыккан, “ Вольво” белгисиндеги жүк ташуучу унааны кармалган.

Ошентип, тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда аталган унаа Кыргыз Республикасынын аймагына 2016-жылы ташылып кирилгендиги жана Ысык-Ата району боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде жасалма документтер менен катталгандыгы аныкталды.

Мыйзамга каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 1 миллион сомдон көп суммада өзгөчө ири көлөмдө зыян келтирилген.

Азыркы убакта ЭККМК мамлекеттин бюджетине келтирилген зыянды өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев