“ЭККМК акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын контрабанда жолу менен ташып кирүү фактысын аныктады”

3 августа 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарларды (ЭКТ) мыйзамсыз ташып кирүү, ташып чыгуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшүп, тамеки продукцияларын контрабанда жолу менен ташып кирүү фактысын аныкташты. Ушул жылдын 1-августунда Аламүдүн районунун “Ак-Жол Автожол” өткөрмө пунктунда акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын мыйзамсыз ташууга аракет кылып жаткан жеринен “Neoplan 116 Citiliner” маркасындагы транспорт каражаты (автобус) кармалды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен бирге автотранспорттун жүк салынган жагын караганда 5 башка аталыштагы чет өлкөлүк өндүрүштөгү (болжол менен 50 миң кутучадан) 75 (жетимиш беш) тамекинин кутусу табылган, анын ичинен 20 куту сигарет Тажикистан Республикасынын акциздик маркалары менен, калган 50 куту акциздик маркасы жок болгон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) ушундай фактыларды, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыянды аныктоого жана мамлекеттик бюджетке түшүшүн камсыздоого багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Азыркы убакта чогултулган материал ЭККМКнын Тергөө башкармалыгына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.

ГСБЭП выявила факт контрабандного ввоза табачной продукции.mp4

ГСБЭП выявила факт контрабандного ввоза табачной продукции.mp4


КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев