“ЭККМК 3 миллион сомдон көп суммадагы салыктарды төлөөдөн качуу фактысын аныктады”

1 августа 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондору жана Нарын шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери жеке ишкер “К.С.” тарабынан өзгөчө ири көлөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысын аныкташты.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөндө Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгында катталган жеке ишкер “К.С.” 2017-жылдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүү боюнча ишкердикти ишке ашырып келгендиги аныкталды.

Бул факт боюнча  Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча башкармалыгы жеке ишкер “К.С.” ишмердигине камералык текшерүү жүргүзгөн, анын натыйжасында жалпы суммасы
3 миллион 730 миң сом эсептөөдөн кийинки салыктар жана төлөмдөр аныкталды.

Ошондуктан, жеке ишкер “К.С.” тарабынан мыйзамга каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы
3 миллион 730 миң сом өзгөчө ири көлөмдөгү зыян келтирилди
.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-б. (жеке ишкердин салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөодөн качуусу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев