“Финансы полициясы нефрас түрүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды (Аи-80 бензинин) ташып кирүү фактысын аныктады”

19 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Ош шаарынын аймагына барганда 77 720 литр (коштомо документтерге ылайык) нефрас ташып бараткан сыяктуу болгон эки жүк ташуучу унаа (бензин ташыгычтар) токтотулган. Бирок факт боюнча Аи80бензини жүктөлгөн.

Буга байланыштуу, унаанын чоң идишинде иш жүзүндө бензин ташылып бара жатканына (бул салыкты төлөөдөн качуу фактысынын болгондугун болжолдойт) шектенгендиктен, ошондой эле  күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз ташууга түрткү болгон укук бузуулар жана кылмыштар фактыларын аныктоо боюнча иштерди уюштуруу, активтештирүү максатында ташылып бараткан КММны аныктоо боюнча тийиштүү экспертизаны жүргүзүү чечими кабыл алынган. Ошентип, экспертизанын жыйынтыгында аталган унааларда коштомо документтерде көрсөтүлгөндөй нефрас эмес “Аи80бензини ташылып бара жатканы аныкталды.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
231-беренеси (бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ошентип, мыйзамга каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 675 миң 483 сом төлөнбөгөн салык түрүндө зыян келтирилген.

Азыркы убакта ЭККМК катыштыгы бар адамдарды аныктоого, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатат.

 

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев