“ЭККМК дагы КММ бар жүк ташуучу унааны кармады”

10 марта 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Талас облусунун Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн Талас облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда “Меrcedes-Benz 814” үлгүсүндөгү жүк ташуучу фургонду кармашты.

Аталган унааны текшерген учурда жүк салынган жагынан тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок, жалпы салмагы болжол менен 7 тонна болгон күйүүчү-майлоочу материалдар (ККМ) толтурулган пластика идиштери табылган.

Бул унаа жүгү менен унаа токтотуучу жайга жагдайлары териштирилгенге чейин киргизилген. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

ЭККМК тарабынан КММнын мурун мыйзамсыз жол менен ташылып келишин аныктоо, ошондой эле аларды шек жараткан түйүндөр (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) аркылуу мындан ары сатылышын токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Муну менен бирге, белгилей кетчү нерсе, сапатсыз май сиздин унааңызды бузуп, айлана чөйрөгө орду толгус зыян, демек, жарандардын ден соолугуна да зыян алып келиши мүмкүн: дем алуу органдарынын өнөкөт оорууларынын саны көбөйүп жатат, тукум улоочу функция төмөндөп жатат, өлүм көбөйүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев