“ЭККМК тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныктоого багытталган тиийштүү иш-чаралар улантылып жатат”

28 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2019-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен бирге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн “Чалдыбар унаа жолу” контролдук-өткөрмө пунктунун аймагынан  мыйзамсыз ташып кирүү аракетинде 300 литр күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) жүктөлгөн “ВОЛЬВО” белгисиндеги жүк ташуучу унаа кармалган.

Иштин бардык жагдайларын аныктаганга чейин  бул жүк ташыган унаа айып короосуна киргизилген.

Азыркы убакта ЭККМК тарабынан акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган активдүү чаралар көрүлүп, ошондой эле мурун мыйзамсыз жол менен ташылып келинген КММны аныктоо жана аны Кыргыз Республикасынын бардык аймактары  боюнча шек жараткан турмуш-тиричилик (короолор, май алмаштыруу пункттары, кампалар) түйүндөрү аркылуу сатылышын мындан ары алдын алуу иштери жүрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев