“ЭККМК: Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын кызмат адамдары бизнес өкүлүнөн акча каражаттарын опузалап талап кылган.”

13 января 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - ЭККМК) тарабынан бизнес өкүлү “А.Ч.” деген жарандын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иш-чараларынын жүргүзгөн учурда, аталган айыл аймагынын бала бакчаларына элдик керектөөдөгү товарларды жеткирип берүүгө “А.Ч.” деген жаран тендерден утту деп жарыялагандан кийин, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын жооптуу кызмат адамдары өз кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, 2019-жылдын 21-октябрында тендердин жалпы суммасынан (жалпы суммасы 1 миллион сомдон көбүн түзгөн) 10% акча каражаттарын талап кыла башташканы аныкталган. Аталган адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен бизнес өкүлүнөн көрсөтүлгөн кызматтар үчүн которобуз деп айтылган сумманы (1 000 032 сомду) алгандан кийин гана, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын опузулап талап кылышкан.

Ушинтип, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында арыз ээси банк аркылуу эки ирет жалпы суммасы 70 миң сом акча каражатын тендердик комиссиясынын төрагасы “Н.Б.” деген жарандын жеке эсебине которгон.

2020-жылдын 9-январында сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө тийиштүү банк документтерин алгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин тартибинде тендердик комиссиянын төрагасы “Н.Б.” деген жаран кармалды.

Урматтуу жарандар жана республиканын ишкерлери!

Сиздер эгерде кызмат адамдарынын же башка адамдардын опузалап талап кылуусунун, мыйзамсыз терс жыйымдарынын жана негизсиз текшерүүлөрүнүн курмандыгы болуп калсаңыздар ЭККМК тезинен төмөнкү дарек боюнча: Бишкек ш., Манас пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуулар үчүн Нөөмөт бөлүмүнүн телефону (0312) 323 091, 323 707 Финансы полициясына кайрылууңуздарды суранат.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

https://www.youtube.com/watch?v=7IvY_AmR2K4

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев