“ЭККМК”: Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери ишкерден алдын ала утулуп алынган тендер үчүн акча талап кылган»

20 августа 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

ЭККМКнын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнө жеке ишкер “Ч.А.” деген жаран Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери “М.А.” карата чара көрүү арызы менен кайрылган, анда ал алдын ала утулуп алынган тендер үчүн 70 миң сомдон көп суммада акча каражатын опузалап талап кылган.

Аталган арыз сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери “М.А.” өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгана каршы курулуш материалдарын жеткирип берүүгө алдын ала утулуп алынган тендер үчүн 74 миң сом өлчөмүндө  акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталды.

Ушул жылдын 14-августунда тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда  40 миң сом суммада пара алып жаткан жеринен Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери “М.А.” деген жаран кылмыш үстүнөн кармалды.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Видеосюжет тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев