“ЭККМК менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча департаменти кызматташтыгын бекемдеп жатат"

28 ноября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2018-жылдын 21-ноябрынан 22-ноябрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жана Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (ЭККМК) менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча департаментинин (Департамент) ортосунда чек аралык кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу тааныштыруу иш сапары болуп өттү. Бул жолугушуулар Экономикалык, финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын алкагында уюштурулган.

ЭККМК тараптагы делегациядан төрага Б.Д. Таиров, Департамент тараптагы делегациядан начальниктин милдетин аткаруучу Д.Ф. Рахимов келди. Бул жолугушуулар байланышты региондор аралык деңгээлде өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жанындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу    ведомстволорунун аймактык бөлүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында уюштурулган.

Өзбек делегациясы менен жолугушууда ЭККМКнын төрагасы
Б.Д. Таиров сөз сүйлөдү, ал Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы пайда болгон учурдан тартып ушундай түрдөгү жолугушуу биринчи жолу болуп жаткандыгын жана ЭККМК менен Департаменттин ортосундагы үзүрлүү маектешүүсүнүн уландысы болуп саналаарын белгилей кетти. Эки тараптуу кызматташууну бекемдөө Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык мамилелеринде толук түрдө чагылдырылат, себеби экономикалык кылмыштуулук чекти билбейт! Ошондой эле, акыркы жылдары күчөп бара жатат.

Департаменттин начальнигинин милдетин аткаруучу Д.Ф. Рахимов өз кезегинде кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, аталган Макулдашуунун алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө ийгиликтүү кызматташууга, ошондой эле тажрыйба алмашууга жана коррупциялык, экономикалык багыттагы чек аралар аралык кылмыштуулукту аныктоо, бөгөт коюу жана тергөө маселелерин кароого мындары ары даяр экендигин билдирди.

Аталган жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар аймактык бөлүмдөрдүн иштери менен таанышышты,  мол тажрыйба менен алмашышты, аны күнүмдүк иште колдонууга маалымат алышты, ошондой эле экономикалык, финансылык чөйрөдөгү коррупциялык укук бузууларды, анын ичинде элдик керектөөдөгү товарларды контрабанда жолу менен ташып кирүүнү, ташып чыгууну аныктоодо чек аранын жанындагы аймактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун акырында ушундай иш-чаралар барьерлерди кыскартууга мүмкүндүк берип, эки бир тууган өлкөнүн региондорунун ортосундагы пайдалуу кызматташуу үчүн шарт түзөт деп белгилешти.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев