“ЭККМК каталары бар мектеп аттесттары боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады”

12 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (ЭККМК) тарабынан “Акипресс” маалымат порталына 2019-жылдын 25-июнунда “Кыргызстандыктар мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестаттагы катаны табышты” деген аталышта жарыяланган макала боюнча, ошондой эле Нарын облусунун Туз айылынын мектептеринин берилген аттестаттарындагы кетирилген каталар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. 

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
233-беренеси (коммерциялык же башка уюмдарда ыйгарым укугун кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы саны 95 миң нускада катталары бар орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестаттар берилгендиги аныкталды. Аталган аттесттарга көрүнөө кароо жүргүзгөндө “жөнүндөгү” деген сөздөгү “Н” тамгасынын ордуна “Ң” тамгасы колдонулгандыгы ачыкталган. Муну менен бирге, ушундай эле факт Нарын облусунун Туз айылынын мектебинде болгон, анда окуу жайынын аталышындагы “РЕДНЮЮ” деген сөз ашыкча кайталанып жазылган.

Жогорудагылардын негизинде, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн бардык жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу териштирүү максатында азыркы убакта тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев