ЭККМК Али Токтакуновго, анын видео тергөөсүндө айтылып өткөн, Кыргызстандан чыгарлып кеткен ири суммадагы акча жөнүндө бардык банктык документтерди тергөөгө тапшыруу тууралуу ачык кат менен кайрылат

26 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (ЭККМК) Али Токтакуновго, анын видео тергөөсүндө айтылып өткөн, Кыргызстандан чыгарлып кеткен ири суммадагы акча жөнүндө бардык банктык документтерди тергөөгө тапшыруу тууралуу ачык кат менен кайрылат.

Ошентип, жогоруда аталган “Кыргызстандан 700 миллион АКШ долларын чыгарып кетүү жөнүндө” фактыларды териштирүү боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, ошондой эле иштин жайгдайын объективдүү изилдөө жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Р.Матраимовдун катыштыгы бардыгын аныктоо максатында тергөөгө Биринчи май райондук соту “Азаттык Медиадан” жана  Али Токтакуновдун өзүнөн банктык документтерди алууга уруксат берген.

2019-жылдын 13-июнунда, ЭККМКнын кызматкерлери “Азаттык Медиа” мекемесинин өкүлчүлүгүнө алуу өндүрүшү жөнүндө токтомду беришкен, андан кийин, 18-июнда ЭККМКнын тергөөгө аталган материалдардын жарымы гана, тагыраак айтканда, 4 миллион АКШ долларына 8 төлөм документтери тапшырылган.

Бүгүнкү күндө, журналист А.Токтакуновдун берүүсү учурунда көрсөтүлгөн керектүү материалдар тергөөгө ушул убакытка чейин ар кандай шылтоолор менен бериле элек.

Бирок, видео тасмада көрсөтүлгөн негизги документтер, 200 миллион АКШ долларын чыгарып кетүү жөнүндө банктык төлөмдөрдүн түп нускасы дагы деле тергөөгө бериле элек, буга байланыштуу, бул факт аталган жагдайларды изилдөө жана чечим кабыл алуу үчүн тоскоолдук жаратып жатат.

ЭККМК Али Токтакуновго өз милдеттерин аткаруусуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей эле тергөөгө жардам көрсөтүүсүнө кайрылат.

Кызмат тарабынан бир эле убакта бардык зарыл тергөө иштери жүргүзүлүп жатат жана көптөгөн документтерге талдоо жүрүп жатат, алар боюнча жакынкы убакта  жыйынтыгы айтылат.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев