“ЭККМК мамлекетти таза эмес аткаминерлерден тазалап жатат”

8 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (эски мыйзамда) 171-беренесинин

2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түштүк аймактык башкармалыгында жалпы суммасы 5 миллион сомдон көп мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын жетишсиздиги жана чыгымы фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүшкөн.

2019-жылдын 3-апрелинде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98, 99-беренелеринин тартибинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түштүк аймактык башкармалыгынын мурунку кампа башчысы “Т.У.” деген жаран негизги шектүү катары кармалып, Ош шаарынын № 5 тергөө абагына киргизилген, ага камакка алуу жаза чарасы тандалып алынган.

2019-жылдын 28-июнунда сот тарабынан жаза чарасы үй камагына алмаштырылган.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам чаралардын натыйжасында ЭККМК Депозиттик эсепке 700 миң сомду өндүргөн, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыянды мындан ары өндүрүү максатында аталган жарандын (4 800 000 сом турган) мүлкүнө камакка алынды.

Тергөө иштеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түштүк аймактык башкармалыгынын мурунку жетекчиси “К.Д.”, ошондой эле  мурунку кампа башчысы “Т.У.” (үй камагына алуу жаза чарасы колдонулган) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 233-беренесинин тартибинде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 329 (кызматтык жасалмачылык) жана 205-беренелеринде (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) каралган кылмыштарды кылды деп шектелгендиги жөнүндө билдирүү тапшырылган.

Азыркы убакта кылмыш иши маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүлгөн.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев