Бүгүн, ушул жылдын 27-июнунда ЭККМК “Азаттык Медиа” мекемеси тарабынан корреспондент А.Токтакуновдун “Кыргызстандан 700 миллион АКШ долларын чыгарып кетүү жөнүндө” журналисттик иликтөөсүндө айтылып өткөн документтердин бир канча көчүрмөлөрү берилди

27 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Бүгүн, ушул жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (ЭККМК) “Азаттык Медиа” мекемеси тарабынан корреспондент А.Токтакуновдун “Кыргызстандан 700 миллион АКШ долларын чыгарып кетүү жөнүндө” журналисттик иликтөөсүндө айтылып өткөн документтердин (50 миллион доллардан көп суммадагы төлөм тапшырмасы) бир канча көчүрмөлөрү берилди. Бирок, калган документтер “Азаттык Медиа” мекемеси тарабынан берилбеген бойдон калууда, буга байланыштуу, зарыл иш-чараларды (салыштырып текшерүү, экспертиза, талдоо) жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат. 

Муну менен бирге, мурун “Биринчи май райондук сотунун “Азаттык Медиадан” алуу өндүрүшү жөнүндө уруксатын” алгандарына карабастан, А. Токтакуновдун видео-иликтөөсүндө аталып өткөн банктык документтердин түп нускаларын создуктуруп бербей жаткан “Азаттык Медианын”,
А. Токтакуновдун көңүл коштугуна ЭККМКда суроо туулуп жатат.

Бүгүнкү күндө, тергөөгө азыркыга чейин видео тасмада көрсөтүлгөн негизги документтер, тагыраагы 200 миллиондон көп АКШ долларын чыгарып кетүү жөнүндө банктык төлөмдөрдүн түп нускалары жана тергөө үчүн мааниси бар башка материалдар бериле элек.

ЭККМК бул иш боюнча чындыкты тезинен аныктоого кызыкдар жана А.Токтакунов менен “Азаттык Медианын” толук, үзүрлүү жардам көрсөтүшүнө үмүт кылат.

Азыркы убакта Кызмат бардык зарыл тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев