“ЭККМК, Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык продукцияларды ташып кирүүгө жол бербөө боюнча активдүү чараларды көрүп жатат”

7 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери рейдерлик иш-чараларды жүргүзгөн учурда, ушул жылдын 5-июнунда “Кызыл-Адыр” ТКПда бензанол күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) ташып келе жаткан беш жүк ташуучу унаа кармалган. “Г.Т. ” ЖЧКга тийиштүү болгон төмөнкү белгидеги унаалар: “DAF96XF”, “DAF- XF”, “DAFXF95/480”, “DAF-TE105 XF”, “RENAULT-PREMIUM460RXL”.

Кармалган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын суракка алган учурда аталган КММ Ош облусуна ташылып бара жатканы маалым болгон, бирок айдоочулар берген коштомо документтерге ылайык акыркы бара турган жери болуп Талас облусунун Манас району белгиленген. КММнын жалпы көлөмү 100 тоннадан көп болгон.

Андан ары, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруу алкагында аталган ЖЧК өз эрки менен жарым миллион сом (501 миң сом) акциз салыгын төлөгөн.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактарына контрабандалык продукцияларды ташып кирүү фактыларын аныктоого, бөгөт коюуга багытталган активдүү чараларды көрүп жатат.

(Ведомстволор аралык топ төмөнкүлөрдүн кызматкерлеринен турат: ЭККМК, УКМК, МСК).

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев