“ЭККМК экономикалык жана кызматтык кылмыштар менен байланышкан кылмыш иштер боюнча мамлекеттин бюджетине акча каражаттарды өндүрүүгө активдүү чараларды көрүп жатат”

25 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) (мындан ары - ЭККМК) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 8 миллион 633 миң 465 сом өлчөмүндө акча которду.

Бүгүнкү күндө, ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 717 миллион 475 миң 57 сомду түздү.

Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Ошондой эле, Кызмат тарабынан казыналыктын региондук бөлүмдөрү (КРБ) аркылуу акча каражаттарын өндүрүү боюнча иштер активдүү уланып жатат. Ошентип, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн алкагында, ЭККМК тарабынан республиканын эң ири компанияларынын бири – “А.Т.” жабык акционердик коомго көрүлгөн чаралар менен казыналыктын органдары аркылуу жалпы суммасы 188 миллион сом салыктык карыз төлөнгөн. КРБ аркылуу өндүрүлгөн акча каражаттарынын жалпы суммасы 2019-жылдын өткөн мезгилинде - 1 миллиард 702 миллион сомду (анын ичинде БДЭ) түздү.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун Өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тиийштүү чараларды көрүү уланып жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев