“ЭККМК күйүүчү-майлоочу материалдардын башаламан сатылышына каршы күрөшүүгө активдүү чараларды көрүп жатат”

29 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Алгач текшерүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек ш. Экотехинспекциясы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары - КММ) белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатууну (башаламан соода) аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тиийштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда Бишкек ш. «Арча-Бешик» конушунун аймагынан КММнын башаламан сатылып жаткан түйүндөрү табылган, анда эч кандай уруксат берүүчү документтери жок “Аи-95” маркасындагы бензин жана дизель майы сатылып жаткан. Кароо иштерин жүргүзгөн учурда, эч кандай уруксат берүүчү документтери жок 2 тоннадан көп  бензин табылган.

ЭККМК жалпы республика боюнча ушундай башаламан сооданын фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды улантып жатат.

Муну менен бирге Кызмат тарабынан КММнын мурун мыйзамсыз жол менен ташылып келишин аныктоо, ошондой эле аларды шек жараткан түйүндөр (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) аркылуу мындан ары сатылышын токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиздер КММны белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатылышы (башаламан соода) жөнүндө кандайдыр бир маалымат билсеңиздер ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев