“ЭККМК: “Некст Строй” ЖЧКнын өкүлү Т. Шерматов 1-тергөө абагына камакка алынды”

21 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - ЭККМК) “Некст Строй” ЖЧКнын өкүлү Т. Шерматовго карата сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.

Т. Шерматов аталган ЖЧКнын өкүлү болуп туруп, 2018-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы менен ушул айыл өкмөтүндө жайгашкан “Жеңиш” паркын кайра конструкциялоого жалпы суммасы 26 миллион сомдон (26 663 000 сом) көп болгон келишим түзгөн. Бирок, аталган сумманын (7 миллион 900 миң сом) жарым акчасын алып, милдеттерди аткарбастан жок болуп кеткен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин  Автоматташтырылган маалыматтык тутумуна Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү боюнча катталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Т.Шерматовдун турган жерин аныктоо мүмкүн болгон эмес. Буга байланыштуу, тергөө тарабынан ага карата кылмыш кылды деп шектелгендиги жөнүндө билдирүү сырттан  чыгарылып, камакка алуу жаза чарасы тандалган жана издөө жарыяланган.

Ошентип, ушул жылдын 15-февралында ЭККМКнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы менен бирге сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Некст Строй” ЖЧКнын өкүлү Т.Шерматовду кармашкан жана  Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин тартибинде Бишкек ш. ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ушул жылдын 17-февралында Бишкек ш. Биринчи май райондук соту Т.Шерматовго карата Бишкек ш. 1-тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза чарасы тандалып алынды.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев