“ЭККМК менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги Кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту”

13 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

 Кыргыз Республикасына келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик иш сапарынын алкагында 2019-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - ЭККМК) менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин (мындан ары – КЭР ККМ) ортосундагы  Макулдашууга салтанаттуу кол коюу болуп өттү, “Экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууга” ЭККМКнын төрагасы Таиров Бакир Дуулатович жана Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү И.Ван мырза кол койду.

Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын экономикалык, финансылык кылмыштарга каршы натыйжалуу күрөшүү чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет, ал ЭККМК менен КЭР ККМнын ортосундагы маалыматтык алмашууну күчөтөт, экономикалык коопсуздук боюнча эки ведомствонун тең ишине негиздүү багыт берет, Кыргыз Республикасынын да,  Кытай Эл Республикасынын да ишкерлеринин кызыкчылыктарын коргойт, ошондой эле жакшы инвестициялык чөйрөнү түзүүгө түрткү болот.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев