“ЭККМК “Түндүк” ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулду”

10 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын, ошондой эле “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформациясынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) “Түндүк” ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулуу боюнча бардык зарыл жол-жоболорду аягына чыгарып, анын толук катышуучусу болуу менен кошулду.

“Түндүк” ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун түшүндүрөт, ал мурун өз ара макулдашылбаган мамлекеттик органдардагы бардык программаларды бириктирет. Бул программанын артынан көптөгөн өз ара кызматташуу жол-жоболору жеңилдейт. Бул программа жарандар интернет аркылуу бардык зарыл мамлекеттик кызматтарды көрүүсүнө мүмкүндүк берет, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат жана өлкөнүн мамлекеттик мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөрдү азайтат.

Бардык жол-жоболорду санариптештирүүнүн максаты, мамлекеттин бизнесмендери жана жөнөкөй жарандары мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды көрүү учурунда бир кыйла жакшыртуу болушу керек.

КРӨгө караштуу ЭККМК. 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев