Урматтуу жарандар!

16 марта 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - ЭККМК) тарабынан эң башкы тамак-аш азыктарынын бааларын жасалма кыбаттатышына жол бербөөгө багытталган активдүү чаралар жүргүзүлүп жатат.

Акыркы кырдаалдарга байланыштуу республиканын айрым базарларында жана дүкөндөрүндө кээ бир товарларга сурам көп болуп жатат, мындан кээ бир кара ниет адамдар учурдан пайдаланып, мыйзамсыз акча тапкылары келип жатат. Булардын аркасынан, ЭККМК тарабынан жумушчу топтор түзүлгөн, алар күнү-түнү массалык сатып алуулар жана монополдук баалардын көтөрүлүшү катталган соода түйүндөрүнө барып жатышат. Кызматтын өздүк курамы мыйзамсыз көтөрүлгөн бааларга жол бербөөгө, токтотууга багытталган. Акыркы бир нече сутканын ичинде ЭККМК Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 216-беренесине (монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө) ылайык айрым топтогу товарлардын бааларын жасалма көтөрүп, алып сатууга аракет кылган ак ниет эмес ишкерлерге карата бир катар сотко чейинки өндүрүш башталган.

Урматтуу жарандар!

Эгерде сиздер социалдык маанидеги товарлардын бааларынын монополдук түрдө көтөрүлгөндүгү боюнча кандайдыр бир маалымат билсеңиздер же күбөсү болуп калсаңыздар ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн ЭККМКнын нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.

Азыркы убакта ЭККМК тарабынан бүткүл республиканын базарларындагы жана соода түйүндөрүндөгү монополдуу жогорку бааларына мониторинг жүргүзүүгө, аныктоого багытталган тийиштүү чаралар көрүлүп жатат, ал эми негизсиз бааларды көтөрүүгө аракет кылгандарга карата катуу жаза чаралары көрүлөт.

Муну менен бирге, ЭККМК жарандардан чагым жараткан жана туура эмес маалыматтарга ишенбөөнү суранат.  Эскерте кетели, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жеткирип берүү кадимкидей шартта үзгүлтүксүз ишке ашып турат. Бүгүнкү күндө тынчсызданууга жана баалардын көтөрүлүшүнө негиз жок.

КРӨгө караштуу ЭККМК

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев