“ЭККМК бизнести коргоо боюнча активдүү чараларды көрүп жатат”

17 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2019-жылдын 6-июнунда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (ЭККМК) жеке ишкер М.А.” деген жаран Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлерине карата чара көрүү жөнүндө арызы менен кайрылган, алар ушул жылдын март айынан тартып өз кызматтык абалдарын туруктуу негизде (ай сайын) кыянаттык менен пайдаланышып, арыз ээсинен Бишкек шаарынын соода-рыноктук комплекстердин биринин аймагындагы жалпы пайдалануучу жерлердеги бизнести (соода) жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн акча каражаттарын опузалап талап кылышкан.

Аталган арыз Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталды.

10-июнда ЭККМКнын кызматкерлери тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын имаратында, өзүнүн иш бөлмөсүндө 14 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен, кылмыш үстүнөн Октябрь районунун экономика жана финансы бөлүмүнүн соода секторунун башчысы “М.М.” деген жаран кармалды.

Кызмат адамдар өз кызматтык абалдарын пайдаланышып, соода кылып жаткан ишкерлерден туруктуу негизде пара талап кылып келишкендиги аныкталды, муну менен бирге бизнес өкүлдөрүнөн ай сайын 100 миңден көп сом чогултушкандыгы маалым болду.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча  кылмыш кылды деп шектелип жаткан, пара алып жаткан жеринен кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ЭККМКнын кызматкерлери тарабынан аталган кылмыш ишине катыштыгы бар адамдарды, ошондой эле ушуга окшош башка  фактыларды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу республиканын ишкерлери!

Эгерде сиздер, кызмат адамдары же башка адамдар тарабынан опузалап пара талап кылуу, мыйзамсыз терс жыйымдарды чогултуу жана негизсиз текшерүүлөрдүн курмандыгы болуп калсаңыздар, анда тезинен Финансы полициясына төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды өтүнөбүз: Бишкек ш., Манас пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүн телефону (0312) 323 091, 323 707.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев