“ЭККМК “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформациясынын концепциясын ишке ашырууга багытталган иш-чараны улантып жатат”

10 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын, ошондой эле “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформациясынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - ЭККМК) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулуу жана маалыматтык системаны ишке киргизүү боюнча бардык зарыл жол-жоболорду аягына чыгарды.

Азыркы убакта, кабелдик системаны түзүү үчүн кураштыруу иштери жүрүп жатат, иш аяктагандан кийин ЭККМКнын жалпы Республика боюнча бардык мекемелеринде байланыштын корголгон  каналы (VPN) иштей баштайт.

Ошондой эле, ушул жылдын апрелинде Кызмат, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулуу/өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. 2019-жылдын 28-августунда ЭККМК менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ортосунда “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында ведомстволор аралык маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

“Түндүк”, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын түшүндүрөт, ал мамлекеттик органдардагы мурун бири-бири менен макулдашылбаган бардык программаларды бириктирет. Бул программанын аркасынан өз ара аракеттенүү процесстерин жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул программа жарандарга интернет аркылуу бардык зарыл болгон мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, өлкөнүн мамлекеттик мекемелеринде коррупция көрүнүшүн азайтат.

Бардык процесстерди санариптештирүүнүн максаты, мамлекеттин бизнесмендери жана жөнөкөй жарандары мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды алууда, алар үчүн шарттарды бир кыйла жакшыртуу болуш керек.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев