ЭККМК кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Ички иштер башкармалыгынын Свердлов р-ун тергөөчүсү карата сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатышат.

25 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Ички иштер башкармалыгынын Свердлов районунун тергөөчүсү “С.Н.” карата сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатышат.

Сотко чейинки өндүрүш “Б.В.” деген жарандын тергөөчүгө карата чара көрүү тууралуу арызынын негизинде башталган, ал арыз ээсинин мурунку жолдошу менен (ал дагы ИИМ  системасында иштейтрасмий түрдө ажырашкан эмесбирок бир жашашпайт) алдын ала сүйлөшүп алып, өз кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, баладан баш тартуу талабын жана иш боюнча териштирүүнү токтотуу үчүн акча каражаттарын талап кылган жана анын унаасын күйөөсүнүн атына каттатууга мажбур кылат.

Ушул жылдын 25-октябрында ЭККМК, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички териштирүү кызматы  менен бирге жүрүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралар учурунда Тунгуч кичирайонунун аймагындагы Анкара көчөсүнөн Ички иштер башкармалыгынын Свердлов районунун тергөөчүсү “С.Н.” кармалды. Тергөө ишинин жүрүшүндө шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алды, тергөөгө кызматташа тургандыгын билдирди. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Видеосюжет тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев