“ЭККМК тийиштүү документтери жок күйүүчү-майлоочу материалдар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны кармады”

30 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн Манас району боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башка башкармалыгы менен бирге рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, ушул жылдын 28-октябрында “Киров” суу сактагычынын жанынан  “Мерседес-Бенц” белгисиндеги жүк ташуучу унаа кармалган. Аталган унааны караган учурда жүк салынуучу жеринен тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннадан көп (3 тонна 200 литр) күйүүчү-майлоочу материалдар (бензин-АИ92) менен толтурулган пластик идиштер табылган.

Азыркы убакта ЭККМК тарабынан Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган активдүү чаралар көрүлүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев