“ЭККМК: Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын сектор башчысы ишкердин бизнесине кийлигишпөө үчүн акча опузалап талап кылган”

23 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2019-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (ЭККМК) жеке ишкер «Дж.Н.» деген жаран Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын сектор башчысы «К.Н.» карата чара көрүү жөнүндө арызы менен кайрылган, ал өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, узак убакыттан бери арыз ээсинен бизнести жайбаракат жүргүзө бересиң деп, 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген. Муну менен бирге, эгерде баш тартса ар кандай органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзөм деп арыз ээсин коркутуп келген, ошондой эле бир нече ирет зомбулук кылам деп коркуткан.

Аталган арыз Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

20-июлда ЭККМКнын кызматкерлери тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда (арыз ээсинин ден соолугу начарлап кеткенге байланыштуу) Кант шаарынын ооруканаларынын биринде 1 800 АКШ доллар суммасында акча каражатын (пара) алып жаткан жеринен кылмыш үстүнөн Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын сектор башчысы «К.Н.» жана анын жардамчысы катары кызы «А.Н.» кармалды.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, кылмыш кылды деп шектелип, кармалгандар Бишкек шаарынын №21 тергөө абагына (№21 мекеме) киргизилишти.

Урматтуу республиканын ишкерлери! Сиздер эгерде кызмат адамдары же башка адамдар тарабынан опузалоонун, мыйзамсыз терс жыйымдардын жана негизсиз текшерүүлөрдүн курмандыгы болуп калсаңыздар ЭККМК тезинен Финансы полициясына Бишкек ш., Манас пр. 101/1 дареги боюнча, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүн телефонуна (0312) 323 091, 323 707 кайрылууңуздарды өтүнөт.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

https://www.youtube.com/watch?v=S-S2x9eltUo

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев