“ЭККМК акциз алдындагы товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү чараларды көрүп жатат”

10 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

ЭККМК акциз алдындагы товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү чараларды көрүп жатат 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүү учурунда, ушул жылдын 3 жана 8-июнунда “Чоң-Капка унаа жолу” КӨПда күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) ташып келе жаткан “MAN” белгисиндеги эки жүк ташуучу унаа кармалган. Берилген документтерге ылайык, 50 тоннага жакын бул жүк “меш майы” болуп саналып, “М.С.” деген жеке ишкерге таандык болгон.

Бул факт Кыргыз Республикасыныннын Жазык кодексинин
231-беренесинин 1-бөлүгү (бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

Андан соң, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруунун алкагында кармалган унаалардын ээлери, өз эрктери менен 100 миң сомго жакын суммада акциз салыгын төлөгөн.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого, бөгөт коюуга багытталган активдүү чараларды көрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев