“ЭККМК күйүүчү-майлоочу материалдардын башаламан сатылышына каршы күрөшүүнү улантып жатат”

23 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынынын алгач текшерүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек ш. Экотехинспекциясы менен биргеликте, күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары - КММ) белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатууну (башаламан соода) аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тиийштүү иш-чараларды жүргүзүгөн учурда, КММны мыйзамсыз саткан түйүндөр аныкталып, бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда Бишкек ш. Ак-Өргө конушунун аймагынан, тактап айтканда Сулайман-Тоо/Тагай-Бий жана Сулайман-Тоо/Жакшылык көчөлөрүнун кесилишинде КММнын башаламан сатылып жаткан түйүндөрү табылган, анда “Аи-92” маркасындагы бензин жана дизель майы сатылып жаткан. Кароо иштерин жүргүзгөн учурда, эч кандай уруксат берүүчү документтери жок 2 тоннага жакын бензин табылган.

Азыркы убакта бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктап,   Бишкек ш. Ленин райондук сотуна кароо үчүн жөнөтүлгөн.

ЭККМК жалпы республика боюнча ушундай башаламан сооданын фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды улантып жатат.

Муну менен бирге Кызмат тарабынан КММнын мурун мыйзамсыз жол менен ташылып келишин аныктоо, ошондой эле аларды шек жараткан түйүндөр (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) аркылуу мындан ары сатылышын токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев