“ЭККМК Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык продукцияларды ташып кирүүгө жол бербөө боюнча активдүү чараларды көрүүнү улантып жатат”

12 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ведомстволор аралык топтун курамындагы рейдерлик иш-чараларды жүргүзгөн учурда, ушул жылдын 22-майында Чоң-Капка” контролдук-өткөрмө пунктунда 3 тоннадан көп күйүүчү-майлоочу материалды (КММ) (бензин) кошумча бакында ташып бара жаткан МАН” жана “Мерседес-Бенцбелгисиндеги эки жүк ташуучу унаа кармалган. Кармалган унаалар Манас районунун ички иштер бөлүмүнүн айып короосуна киргизилген.

Тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда КММны мыйзамсыз ташып кирүүнүн уюштуруучусу Талас шаарынын жергиликтүү тургундарынын бири “Б.Т.” деген жаран болгону аныкталды, ал шаардын борбордук көчөсүндө жайгашкан “Сардалбек” май куюучу станциясында КММны сатып келген, ошондой эле КММны өлкөнүн түштүк  региондоруна жеткирүү менен алектенген.

Бул факт Кыргыз Республикасыныннын Жазык кодексинин
211-беренеси (мыйзамсыз ишкердик же банктык ишмердик) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактарына контрабандалык продукцияларды ташып кирүү фактыларын аныктоого, бөгөт коюуга багытталган активдүү чараларды көрүп жатат.

Азыркы учурда ЭККМК тарабынан “Сардалбек” май куюучу станциясына салыктык текшерүү жүргүзүү дайындалды.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев