“ЭККМК күйүүчү-майлоочу материалдарды башаламан сатууга каршы күрөшүүгө чараларды көрүүнү улантып жатат”

7 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2020-жыдын 6-февралында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Бишкек ш. боюнча башкармалыгынын алгачкы текшерүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек ш. жергиликтүү аймактык башкармалык жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын (мындан ары - КММ) башаламан сатылышын аныктоо боюнча Бишкек шаарына чыгышкан.

 

Анын негизинде КММны саткан мыйзамсыз түйүндөр Алыкулов/Лущихин көчөлөрүнүн кесилишинде жана Алыкулов көчөсүндө  аныкталды. Кароо учурунда эч кандай уруксат берилген документтери жок 1 тоннага жакын бензин табылды. 

Кызмат мындай рейддерди өлкөнүн бардык аймактарында  туруктуу негизде ишке ашырып келет.

Урматтуу жарандар!

Эгерде сиздер КММнын белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатылышы (башаламан соода) жөнүндө кандайдыр бир маалымат билсеңиздер ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.

Азыркы убакта, ЭККМК тарабынан КММнын мурун мыйзамсыз жол менен ташылып келишин аныктоо, ошондой эле аларды шек жараткан түйүндөр (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) аркылуу мындан ары сатылышын токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Муну менен бирге, белгилей кетчү нерсе, сапатсыз май сиздин унааңызды бузуп, айлана чөйрөгө орду толгус зыян, демек, жарандардын ден соолугуна да зыян алып келиши мүмкүн: дем алуу органдарынын өнөкөт оорууларынын саны көбөйүп жатат, тукум улоочу функция төмөндөп жатат, өлүм көбөйүп жатат.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев