“ЭККМК күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) мыйзамсыз ташылып кирилишин аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат”

3 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурунда, Кыргыз Республикасынын аймагына КММны ташып кирүү боюнча мыйзамсыз ишти жүргүзүп жаткан кылмыштуу топ аныкталды.

Акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүү учурунда “Чоң-Капка унаа жолу” КӨПдүн жанынан жеңил жана жүк ташуучу унаалардын тобу байкалган, алар Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына шектүү көп  каттам (күнүнө 3төн 5 эсеге) жасашкан, муну менен бирге КММны өзүлөрүнүн бактарына ташып жүрүшкөнү белгилүү болду. Андан соң аталган унаалар атайын пландалган каттам менен Талас облусунун Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан жеке аймактардын бирине кирип, ташылып келинген КММны мындан ары сатуу үчүн жүк ташуучу унаалардан түшүрүшкөн.

2019-жылдын 1-октябрында тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда жогоруда аталган даректен “ДАФ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу (бензин ташуучу) унаа чыккандыгы байкалган, ал андан кийин “Кызыл-Адыр” БКПнын районунан токтотулган. Аталган унааны кароо учурунда жүк жүктөй турган жагында “37000 литр бензин” КММ бар экендиги аныкталган, айдоочунун ага болгон тийиштүү документтери жок болгон. Аталган унаа жүгү менен жагдайларды териштиргенге чейин “Ж.” АКнын аймагындагы айып короого киргизилди.

Бул факт Кыргыз Республикасыныннын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

ЭККМК, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Күйүүчү-майлоочу материалдардын рыноктогу бааларына байланышкан кырдаалдар жөнүндө” протоколдук тапшырмасын, ошондой эле ЭККМКнын жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы ушундай фактыларды аныктоого багытталган көрсөтмөсүн аткаруу үчүн тиийштүү иш-чараларды көрүүнү улантып жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев