“ЭККМК контрабандалык элдик керектөөдөгү товарларды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чараларды жүрүгүзүүнү улантып жатат”

11 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 3-февралында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери “Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пунктундагы мобилдүү топтун курамында кызмат кылган учурда “РЕНО” үлгүсүндөгү унааны кармашты.

Аталган унаага кароо иштерин жүргүзгөндө жүк жүктөлгөн жайында эч кандай коштомо документтери жок жалпы көлөмү 25 тонна “гречка акшагы” табылган.

Аталган унаа жүгү менен кошо бардык жагдайлар териштирилгенге чейин айып короосуна киргизилди.

ЭККМК тарабынан жалпы республика боюнча ушундай фактыларды аныктоого багытталган тийиштүү иш-чаралар уланып жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев