“ЭККМК күйүүчү-майлоочу материалдардын контрабандалык жол менен ташылышын аныктоо боюнча тийиштүү иш-чараларды улантып жатышат”

10 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 2-февралында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери “Ак-Жол” контролдук-өткөрмө пунктундагы мобилдүү топтун курамында кызмат кылган учурда “Ауди 100” үлгүсүндөгү унааны кармашты.

Аталган унаага кароо иштерин жүргүзгөндө жүк жүктөлгөн жайында жашыруун ташуу белгилери ачык көрүнгөн эч кандай коштомо документтери жок күйүүчү-майлоочу материалдар (ККМ) (700 литрге жакын) табылган.

Аталган унаа жүгү менен кошо айып короосуна бардык жагдайлар териштирилгенге чейин киргизилди.

ЭККМК Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн тийиштүү иш-чараларды улантып жатат, жалпы республика боюнча КММны мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды.

Муну менен бирге, ЭККМК тарабынан КММнын мурун мыйзамсыз жол менен ташылып келишин аныктоо, ошондой эле аларды шек жараткан түйүндөр (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) аркылуу мындан ары сатылышын токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу жарандар!

Эгерде сиздер КММнын белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатылышы (башаламан соода) жөнүндө кандайдыр бир маалымат билсеңиздер ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев