Ажыратуу иштери 2019-жылдын 25-октябрында «Кең-Булуң» айылында кароосуз калган кампалардын биринде жүргүзүлдү.

28 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) кызматкерлери  Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына мурун аныкталган күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ), тагыраак айтканда 3 километрге жакын узундуктагы жердин астына казылып орнотулган түтүк аркылуу ташуу механизми боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн учурда, жоюу жана мыйзамсыз колдонуу кайталанбашына жол бербөө максатында атайын техникаларды тартуу менен аталган түтүктү ажыратуу иштери жүргүзүлдү.

Ажыратуу иштери 2019-жылдын 25-октябрында «Кең-Булуң» айылында кароосуз калган кампалардын биринде жүргүзүлдү.

ЭСКЕРТЕБИЗ: ЭККМКнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 12-сентябрда катталган сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруунун алкагында акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда казылып орнотулган түтүк табылган, анын жардамы менен туруктуу негизде  КММны сордуруп куюштуруп турушкан. Болжол менен күнүнө 100 тоннага жакын.

Азыркы убакта ЭККМК, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечими боюнча тиийштүү иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК. 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев