“ЭККМК кирип келген 2020-жылы Бирдиктүү депозиттик эсепке 8 миллион сомдон көп суммада акча каражаттарын которду”

29 января 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - ЭККМК) тарабынан Кыргыз Республикасынын “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Мыйзамынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин токтомдорунан, Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук кеңешинин чечимдеринен келип чыккан талаптарга ылайык экономикалык, кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча, ошондой эле малекеттин бюджетине келтирилген материалдык зыяндарды өндүрүү боюнча иштер керектүү деңгээлде жүргүзүлүп жатат.

Ошентип, кирип келген 2020-жылы ЭККМК бирдиктүү депозиттик эсепке 8 миллион 278 миң 334 сом өлчөмүндө акча каражаттарын которду.

Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиийштүү иш-чараларды көрүүнү улантып жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.  

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев