“ЭККМК Кара-Көл шаарынын тургундары менен коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чоң иш-чара өткөрдү”

28 сентября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Жалал-Абад облусунун Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмү Кара-Көл шаарынын мэриясы менен бирге 2018-жылдын 26-сентябрында маданият үйүндө “Коррупцияга каршы күрөш”, “Тынчтык” деген темада чоң иш-чара өткөрдү.
Аталган иш-чарага ЭККМКнын райондук аралык бөлүмүнүн башчысы
Ж. Чуштуков, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын №718 аскердик бөлүгүнүн офицерлери, Кара-Көл шаарынын студенттери жана окуучулары, ошондой эле бардык каалоочу жарандар катышышты.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө ЭККМКнын 2018-жылдын жарым жылдыгындагы ишмердигинин жыйынтыгы айтылды, Кызмат аныктаган коррупциялык схеманын слайддары көрсөтүлдү, ошондой эле коррупцияга каршы багыттагы видеороликтер көрсөтүлдү.
ЭККМКнын кызматкерлери, катышуучуларга адилеттүү бийлик менен укуктук мамлекетти түзүү боюнча мамлекетте жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө маалыматты айтышты, анда адамдын укугун бузуп жаткандарга каршы күрөшүшөт. ЭККМК жарандык коомду крминалдык, коррупциялык көрүнүштөрдөн коргойт,  экономикада жагымдуу инвестициялык климатты түзөт.
Ошондой эле, ЭККМКнын жетекчилиги азыркы убакта Кызматтын ишке болгон күчүн ылайыкташтыруу боюнча толук административдик-башкаруу чараларды көрүп жаткандыгы белгиленип өттү. Артыкчылыктардын ичинен төмөнкүлөр саналат – коррупцияга каршы күрөшүү; бюджеттик акча каражаттарды коргоо, кайтарып алуу; салык кылмыштарына бөгөт коюу; криминалдык кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенүү жана жеке менчикке криминалдык кылуу фактысын,  жарандардын башка укук бузууларына жана башкаларга  бөгөт коюу.
Өз кезегинде мындай иш-чаралар жарандардын КРӨгө караштуу ЭККМКга болгон ишенимин жогорулатаары айтылды.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө”  чечимди ишке ашыруу боюнча планды, ошондой эле “ЭККМКдагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын планын” аткаруу үчүн өткөрүлдү.
Фотоматериал тиркелет.


ГСБЭП при ПКР.
 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев