“ЭККМК “Ош облусунун ишкерлери менен маектешүү” деген чоң тегерек стол өткөрдү”

20 ноября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) ушул жылдын 15-ноябрында “Ош шаарынын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен маектешүү” деген чоң тегерек столду уюштурду. Бул иш-чара “Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ)” программалык кеңсенин колдоосунда өткөрүлдү.

Тегерек столго ЭККМКнын жетекчилиги - төрага Б.Д. Таиров, ЭККМКнын борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн начальниктери, ЭККМКнын Ош шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкектеги “ЕККУ” программалык кеңсенин өкүлдөрү, бизнес-коомдоштуктун, КРӨгө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын, КРӨгө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү жана Ош облусунун башка мамлекеттик органдарынын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Ачылышында ЭККМКнын төрагасы Б.Д. Таиров сөз сүйлөдү, ал  тегерек столго катышып жаткандарга терең ыраазычылыгын билдирди. Б.Д. Таиров өз сөзүндө  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу боюнча планын жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылдын 17-сентябрында Ала-Арча мамлекеттик резиденцияда бизнес – коомдоштук менен жолугушууда айтылган тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы тарабынан жергиликтүү бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү, кызмат адамдарынын ишкердик ишке кийлигишүүсүн аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча түп-тамырынан берки чараларды көрүп жаткандыгын белгилеп өттү. Бүгүнкү күндө Кызматтын эң башкы милдеттеринин бири республиканын ишкерлерин мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо жана бизнес, өлкөгө инвестициянын келиши үчүн максималдуу жакшы шарттарды түзүү болуп саналат. ЭККМКнын эшиги бизнес менен маектешүү үчүн дайыма ачык, ал жазалоочу орган болуп саналбайт. Финансы полициясы чуулгандуу күч системасынан алыстаган, азыркы убакта көрсөткүчтөр өткөн жылдын жыйынтыгы менен салыштырылбастан, факт боюнча бааланат, кылмыш ишин козгоо ЭККМК үчүн негизги милдет эмес. 

Кызмат жүргүзгөн талдоо мындай иш-чара мамлекеттик кызматкер менен ишкерлердин ортосундагы коммуникация маданиятын курууга мүмкүндүк берерин көрсөттү жана туруктуу негизде болуп турушу керек. “Таза” ак ниет бизнестин өкүлдөрү өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун көптөгөн коркунучтарына каршы күрөшүү маселелеринде, таза эмес атаандаштыкты, салыктарды төлөбөгөндөрдү, мамлекеттик кызматкерлердин таза иштебегендигин, ошондой эле ири коррупциялык көмүскө схеманы билдирип турган маалыматчылар катары   финансы полициясынын башкы биримдиги болуп саналат.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кызматтын ушул жылдын өткөн мезгилиндеги маанилүү окуялары жана жетишкен ийгиликтери жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү, ошондой эле бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн көйгөйлөрү, сунуштары угулду. Тегерек столдун катышуучулары мамлекет менен бизнестин ортосундагы өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого активдүү катышышты.

Бул жолугушуу бизнестин, мамлекеттик түзүмдүн өкүлдөрү үчүн натыйжалуу болуп калды. “ЭККМК – бизнес/инвесторлор менен маектешүү” түз маегинин форматы эң курч көйгөйлөрдү жана сунуштарды чечүү үчүн натыйжалуу курал болду.

Фотоматериал тиркелет.


КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев