“ЭККМК Франциянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Микаэлем Ру мырза менен жолугушуу өткөрдү”

17 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Ушул жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) административдик имаратында ЭККМКнын төрагасы Таиров Бакир Дуулатович Франциянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Микаэлем Ру мырза жана Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кызматкери Гузель Ишенова менен жолугушту.

Жолугушууну ЭККМКнын төрагасы Б.Д. Таиров учурашып, ачып берип жана келип бергендерине ыраазчылыгын билдирип өттү, ошондой эле бүгүнкү күндө ЭККМКнын эң башкы милдеттеринин бири мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, өлкөнүн бюджетин толуктоо, ак ниет ишкерлерди жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо, бизнес жана өлкөгө инвестициянын келиши үчүн максималдуу жакшы шарттарды түзүү болуп санааларын белгилеп өттү.

Таиров Бакир Дуулатович өткөн 2018-жылы Финансы полициясы органдарында аябай маанилүү окуя, тагыраак айтканда Кызматтын жоопкерчилигин, укуктук статусун жана ролун так аныктаган “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Мыйзамга кол коюлгандыгын баса белгиледи, ал эми кол коюлганга чейин ЭККМК республика боюнча жеке мыйзамы жок жападан жалгыз укук коргоо органы болгон. Бул Мыйзам “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимин ишке ашыруунун жүрүшүндө иштелип чыккан.

Микаэль Ру мырза өз кезегинде ЭККМКнын төрагасы жана катышып жаткан кызматкерлери менен учурашып, мындан ары финансылык териштирүү жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында жемиштүү кызматташууга даяр экендигин, аталган маселелер боюнча көмөк көрсөтүшөөрүн билдирди.

Бул жолугушуу жылуу жана жакшы жагдайда өтүп, маектешүүдө тараптардын ортосунда өз ара кызматташуу мамилеси түзүлдү.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев