“ЭККМК күйүүчү-майлоочу материалдардын башаламан сатылышын аныктоого багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатат”

20 сентября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) (мындан ары - ЭККМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Алгач текшерүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек ш. Экотехинспекциясы менен биргеликте ушул жылдын 19-сентябрында күйүүчү-майлоочу материалдардын (мындан ары - КММ) мыйзамсыз сатылышын (башаламан сатылышын) аныктоого багытталган тиийштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда аныкталбаган жерлерден КММнын мыйзамсыз сатылып жаткан түйүндөрү аныктап, бөгөт коюлган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда Бишкек ш. Ленин районунун
Ак-Өргө конушунун аймагынан КММны башаламан сатылып жаткан бир нече түйүндөрү табылган, анда эч кандай уруксат берүүчү документтери жок
 “Аи-92” маркасындагы бензин жана дизель майы сатылып жаткан.

Азыркы убакта бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

ЭККМК жалпы республика боюнча ушундай башаламан сооданын фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды улантып жатат.

Муну менен бирге Кызмат тарабынан КММнын мурун мыйзамсыз жол менен ташылып келишин аныктоо, ошондой эле аларды шек жараткан түйүндөр (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) аркылуу мындан ары сатылышын токтотуу боюнча иштер  жүргүзүлүп жатат.

Фотоматериал тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев