“ЭККМК: “АЗИЗ” базарындагы мурун аныкталган алып сатуучу ишкерлерге жана калкка кайрылды”

17 марта 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) кызматкерлери бир канча күндөн бери республиканын базаларындагы эң башкы тамак-аш азыктарынын бааларын жасалма кыбаттатышына жол бербөөгө багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Ошентип, Бишкек шаары, Махатмы Ганди 201 бульвары дареги боюнча жайгашкан “АЗИЗ” базарынан ундун наркынын алып сатып көтөрүлүшү аныкталган. Түшкөн билдирүү боюнча  “АЗИЗ” базарына текшерүү жүргүзүлгөн, ал жерден контролдук сатып алуу учурунда 100 миң сомдон (1 мүшөк ундун наркы 1650 сомду түзгөн, ал эми ушул эле ундун орточо рыноктук наркы мурун 1300 сом турган) көп суммага буудай уну сатылып алынган.

Урматтуу жарандар!

Эгерде сиздер эң башкы тамак-аш азыктарынын бааларынын монополдук түрдө көтөрүлгөндүгү боюнча кандайдыр бир маалымат билсеңиздер же күбөсү болуп калсаңыздар ЭККМКга кайрылууңуздарды суранабыз.

 ЭККМКнын бобордук аппараты

дареги: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн тынымсыз байланыш телефону 1955, ЭККМКнын нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.

ЭККМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы

дареги: 20055, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манаса пр. 101/1,

Телефону: 0312 543980, 0312 54 17 12.

         КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев