“ЭККМК “Гранд Строй Инвест” ЖЧКнын директору Хайдаров Данияр Мамашариповичти издеп жатат”

14 февраля 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - ЭККМК) тарабынан “Гранд Строй Инвест” ЖЧКнын директору Хайдаров Данияр Мамашариповичке карата Бишкек шаарындагы имараттарды жана турак үйлөрдү курууда, сатууда алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Аталган жаран, өзүнө пайда көрүү максатында жарандардын ишенимине кирип, жер участокторуна жана акча каражаттарына ээ болуп алып, жаңы курулуп жаткан үйлөрдөгү имараттарды жана батирлерди бере тургандыгына сөз бергендиги аныкталды. Бирок, өз милдеттерин аткарбастан жок болуп кеткен.

2019-жылдын декабрында сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө,
Д. Хайдаровго карата кылмыш кылды деп шектелгендиги жөнүндө (сырттан) билдирүү чыккан.

Андан соң, шектүү Д.М. Хайдаровго  карата тергөө судьясынын тийиштүү токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 жайына камакка алуу жаза чарасы тандалып, издөө иштери башталган.

Азыркы убакта Д.М. Хайдаров тергөө органдарынан жашырынып жүрөт, муну менен сотко чейинки өндүрүштү объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук жаратып жатат.

Кыргыз Республикасынын урматтуу жарандары!

Эгерде “Гранд Строй Инвест” ЖЧКнын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жапа чексеңиздер, ошондой эле Хайдаров Данияр Мамашариповичтин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир  маалымат билсеңиздер  ЭККМКга тезинен төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манас пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүн телефону (0312) 323 091, 323 707.

Изделип жаткан адамдын сүрөтү тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев