“ЭККМК Социалдык фондунун Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары опузалап пара талап кылган фактысын аныктады”

21 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнө “Р.М.” деген жаран Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын кызмат адамына карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган, арызда пенсияга чыгаруу үчүн андан акча каражаттарын опузалап талап кылгандыгы айтылат.

Аталган арыз сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасыныннын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары “А.У.” деген жаран өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, картаң муундун жана мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан 22 миң сом акча каражатын опузалап талап кылгандыгы (мурун арыз ээси тарабынан документтерди тариздөөгө деп 13 миң сомго жакын акча каражаты берилгендиги) аныкталды.

Ушул жылдын 19-июнунда, тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда, өзүнүн иш бөлмөсүнөн 22 миң сом суммада пара алып жаткан жеринен, кылмыш үстүнөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары “А.У.” деген жаран кармалды.

Кылмыш кылды деп шектелүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, пара менен кармалган жаран Жалал-Абад шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Видеосюжет тиркелет.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 ГСБЭП с поличным задержала зам начальник Соцфонда по Сузакскому району, который вымогал деньги у пожилой женщины.mp4


ГСБЭП с поличным задержала зам начальник Соцфонда по Сузакскому району, который вымогал деньги у пожилой женщины.mp4

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев