“ЭККМК төмөнкүнү маалымдайт:”

11 октября 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын бузулушун аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, материалдарды чогултушкан, анын негизинде Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгына “Э.Т.” ЖЧКга салыктык текшерүү жүргүзүү дайындалган.

КРӨгө караштуу ЭККМК тарабынан дайындалган текшерүүгө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы  46 миллион сом суммадагы салыктарды, төлөмдөрдү эсептөө жөнүндө чечим чыгарган жана кийин “Э.Т.” ЖЧКнын жооптуу адамдарына бул эсептелген сумма боюнча чара көрүү тапшырылган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган эсептелген салыктардын суммасы 46 миллион 862 миң 515 сом өлчөмүндө КНС боюнча болгон ашыкча төлөмдөргө байланыштуу чечилип алынды.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев