“ЭККМК, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен бирге Күйүүчү-майлоочу материалдарды контрабандалык ташып кирүү фактысын аныктады, алар жаныбарлар үчүн тоют түрүндө өткөрүп кетүүгө аракет кылышкан”

21 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

2019-жылдын 20-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте “Күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз ташып кирүүгө, ташып чыгууга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын планын” аткаруу үчүн, республиканын аймагында акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, “Чоң-Капка унаа жолу” контролдук-өткөрмө пунктун кесип өткөндөн кийин, элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлдү деген сыяктанган “Мерседес-Бенц Спринтер” белгисиндеги унаа кармалган.

Аталган унааны көрүнөө кароо учурунда курулуш материалдарынан бөлөк жашыруун болгон (кузовдун тереңинде тоюттар салынган каптардын астында), эч кандай коштомо документтери жок  КММ (1 тонна бензин жана 1,6 тонна дизель майы) табылгандыгы аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андан кийин, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруунун алкагында аталган унаа айып короосуна киргизилген.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого, бөгөт коюуга багытталган активдүү чараларды көрүп жатат.

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев