“ЭККМК жеңил унаа менен ККМны ташып кирип жүргөн кылмыштуу топту УКМКнын коррупцияга каршы кызматы менен бирге аныктады”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы
2019-жылдын 26-июнунан 27-июнуна караган түнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Талас облусу боюнча коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте “Күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз ташып кирүүгө, ташып чыгууга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын планын” аткаруу үчүн, ошондой эле республиканын аймагында акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, өзүлөрүнүн идишинде жана 20 литрлик канистрлерде КММны бир нече ирет ташып жаткан бир канча жеңил унааларды байкашкан.
Андан соң, аталган унаалар Талас облусунун Манас районунун Май айылындагы үйлөрдүн бирине кирип жаткандыгы жана КММны “ГАЗ5312” маркасындагы жүк ташыган унаасына куюп жаткандыгы аныкталган. Андан кийин бул жүк ташуучу унаа КММны (бензин) белгиленген сатуу пунктуна ташыш керек болгон. Кармалган КММнын (бензиндин) жалпы көлөмү 5 тонна жакынды түзгөн.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андан кийин, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруунун алкагында аталган унаа айып короосуна киргизилген.
Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого, бөгөт коюуга багытталган активдүү чараларды көрүп жатат.
КРӨгө караштуу ЭККМК
Жарыяланган башка маалымат
- “ЭККМКда Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү”
- “ЭККМКнын кызматкерлери Н.Исанов атындагы кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенттери үчүн “Коррупцияга каршы күрөшүү!” деген темада лекция өткөрүштү”
- “ЭККМКнын Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондору боюнча райондор аралык бөлүмү бизнестин өкулдөрү менен жолугушуу өткөрдү”
- “ЭККМК мурун аныкталган коррупциялык схема боюнча эки жүк ташуучу унааны мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныктады”
- “Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата “Коррупцияга каршы күрөшүүдө бизнес-коомдоштуктун ролу” деген чоң тегерек стол өткөрдү”
- “ЭККМК менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюушту”