“ЭККМК Панфилов районунан күйүүчү-майлоочу материалдар башаламан сатылган бир нече түйүндөрдү табышты”

4 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Жайыл району боюнча экотехинспекциясы жана Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча башкармалыгы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн, күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары - КММ) белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатууну (башаламан соода) аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тиийштүү иш-чаралар жүргүзүшкөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда Панфилов районунун Панфилов айылынын аймагынан КММнын башаламан сатылып жаткан түйүндөрү табылган, анда бензин жана дизель майы сатылып жаткан.

ЭККМК жалпы республика боюнча ушундай башаламан сооданын фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды улантып жатат.

Муну менен бирге Кызмат тарабынан КММнын мурун мыйзамсыз жол менен ташылып келишин аныктоо, ошондой эле аларды шек жараткан түйүндөр (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) аркылуу мындан ары сатылышын токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиздер КММнын белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатылышы (башаламан соода) жөнүндө кандайдыр бир маалымат билсеңиздер ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.

Муну менен бирге, белгилей кетчү нерсе, сапатсыз май сиздин унааңызды бузуп, айлана чөйрөгө орду толгус зыян, , демек, жарандардын ден соолугуна да зыян алып келиши мүмкүн: дем алуу органдарынын өнөкөт оорууларынын саны көбөйүп жатат, тукум улоочу функция төмөндөп жатат, өлүм көбөйүп жатат.  

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев