“ЭККМК: мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып жаткан дагы бир унааны Панфилов районунан кармады”

22 января 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен бирге “Чалдыбар унаа жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын (мындан ары - КММ) Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан фактысын аныкташты.

Бул жылдын 21 январында, Панфилов районунун аймагынан тийиштүү документтери жок, “жүгү 1000 литрге жакын жыты бар суюктук менен толтурулган челеги менен Форд Транзит” үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Азыркы учурда аталган унаа бардык жагдайларды териштиргенге чейин айып короого киргизилди.

ЭККМК ушундай фактыларды жалпы республика боюнча тийиштүү аныктоо иш-чараларын улантып жатат.

Муну менен бирге, ЭККМК мурун мыйзамсыз жол менен ташылган КММны аныктоо, ошондой эле аны шек жараткан түйүндөрдө (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) сатууну токтотуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдайбыз.

Урматтуу жарандар!

Сиздер эгерде КММнын белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сатылышы (башаламан соода) жөнүндө кандайдыр бир маалымат билсеңиздер ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: Бишкек ш., Манаса пр. 101/1, ошондой эле оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүң телефону (0312) 323 091, 323 707.

Муну менен бирге, белгилей кетчү нерсе, сапатсыз май сиздин унааңызды бузуп, айлана чөйрөгө орду толгус зыян, демек, жарандардын ден соолугуна да зыян алып келиши мүмкүн: дем алуу органдарынын өнөкөт оорууларынын саны көбөйүп жатат, тукум улоочу функция төмөндөп жатат, өлүм көбөйүп жатат.


 

КРӨгө караштуу ЭККМК.

 

 

 

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев