КРӨгө караштуу ЭККМК жетекчилиги жана жалпы жамааты Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети органдарынын подполковниги Ниязбеков Усенбектин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көнүл айтат

9 августа 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) жетекчилиги жана жалпы жамааты Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети органдарынын подполковниги   Ниязбеков Усенбектин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көнүл айтат, ошондой эле ушул жылдын 7-августунда атайын операция жүргүзүү учурунда күч түзүмдөрүнүн жабыркаган кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына колдоосун билдирет.

Орду толгус жоготууну терең кайгыруу менен кабыл алабыз.

Муну менен бирге урматтуу жарандар, Финансы полициясы чагым чыгарууга аралашпоого жана укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин сыйлоого чакырат. Азыркы убакта көптөгөн өз мүдөөсү үчүн пайдалануу жүрүп жатат, буга байланыштуу, жарандардан сак болууга жана укуктук, конституциялык абалды жетекчиликке алууга чакырабыз. Биздин өлкөнүн тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктү кылабыз. 

КРӨгө караштуу ЭККМК.

Жарыяланган башка маалымат

Баардык маалымат

OSCE
Веб-сайт ЕККУнун Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу аркылуу жасалды
Сайтты жасаган — Михаил Агеев